КРнын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошоновдун "Супара" интернет каналына интервьюсу

3590

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ

АНТАЛЬЯ ШААРЫНДА КОНСУЛДУК КЫЗМАТТАРДЫ

АЛА АЛЫШАТ

Буга чейин Кошонов Рустам Анарбекович Кыргыз Республикасынын Түркиянын Анталья шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалгандыгы белгилүү болгон. Анталья аймагынын шаарларында жана райондорунда иштеген жана жашаган кыргызстандыктар мурда консулдук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылып келишкен.

Консулдуктун кызматтары жана башка иш-чаралары тууралуу Анталья шаарындагы мекендештерибизди маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Кошонов Рустам Анарбекович менен болгон маекти назарыңыздарга сунуштайбыз.

 

- Саламатсызбы, Рустам Анарбекович, Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу качан ачылган жана анын максаты кандай?

 

- Саламатчылык! 2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич «Кыргыз Республикасынын Анталья шаарында Башкы консулдугун түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын аймактары менен ар тараптуу мамилелерин активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Түркиянын аймагы абдан чоң экендиги баарыбызга белгилүү. Ошондой эле Антальяда туризм тармагында иштеген жарандарыбыздын саны да өсүүдө. Алыс болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстандын Анкарадагы Элчилигине жана Стамбулдагы Башкы консулдугуна дайыма барууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Азыркы учурда Анталья шаарындагы Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук маселелер боюнча кайрылуу үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу болду.

Биздин Башкы консулдугубузга Анталья, Мугла, Айдын, Денизли, Бурдур, Ыспарта, Конья, Караман, Нигде, Мерсин, Адана, Османие, Хатай, Газиантеп жана Килис шаарларында жүргөн Кыргызстандын жарандары кайрылса болот.

 

- Мекендештерибиз Башкы консулдукка кандай актуалдуу маселелер менен кайрылышат? Кандай арыз берүү жана кабыл алуу системалары бар? Башкы консулдукка кимдер кайрыла алат?

 

- Башкы консулдукка Кыргыз Республикасынын ар бир жараны кайрыла алат. Азыркы учурда жарандарыбыз көбүнесе жалпы жарандык паспорт жана идентификациялык карта (ID-паспорт) тариздөө, жарандык абалдын актыларын каттоо (туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана никелешүү күбөлүгүн тариздөө) маселелери жана нотариалдык иш-аракеттер боюнча кайрылышат. Бул кызматтардан тышкары Башкы консулдук паспорттор жоголгон учурда Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн убактылуу күбөлүк бере алат, документтерди суратып алдыруу ж.б. кызматтарды көрсөтөт.

Консулдук кызматтардын сапатын жогорулатуу жана жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуулугун камсыздоо максатында алдын ала жазылуу үчүн электрондук кезек сайты түзүлдү. Бул үчүн www.antalyakonsulduk.com сайтына өтүү керек.

Кошумча маалымат алуу үчүн Башкы консулдукка төмөнкү телефондор жана электрондук почта аркылуу кайрылууга болот: +90 546 557 04 71 (WhatsApp), kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg. Бул номердин 24 саат бою жеткиликтүү болгондугуна көңүлүңүздөрдү бургум келет.

Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун дареги: Güzeloba mah., Barınaklar Bulvarı, Doktorlar Sitesi, no:138/1, Муратпаша / Анталья. Кабыл алуу күн сайын дүйшөмбү-жума күндөрү, саат 09.00дөн 12.00гө чейин жана 14.00дөн 16.00гө чейин жүргүзүлөт, 16.00дөн кийин даяр болгон документтер берилет.

 

- Кыргыз Республикасынын жарандары Түркияда кандай эрежелерге көңүл бурушу керек?

 

- 2012-жылдын 10-февралында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «2011-жылдын 26-апрелиндеги жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө» макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына Түркияда 90 күнгө чейин болууга уруксат берилген. Өлкөгө чексиз түрдө кирүүгө мүмкүн, бирок Түркияда болуу жалпы мөөнөтү 180 күндүк мөөнөт ичинде 90 күндөн ашпашы керек.

Түркияга турист катары келген жана Түркияда 90 күндөн ашык калууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары 90 күндүк мөөнөт аяктаганга чейин 6 айлык же бир жылдык жашап туруу укугун алуу боюнча Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматы башкармалыгына (жашаган жери боюнча) алдын ала арыз менен кайрылышы керек. Түркия Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жарактуу иштөө уруксаты жашап туруу укугу катары колдунула алынат.

Миграция кызматынын аймактык органдарына жашап туруу укугун алуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди тапшыруу фактылары болгондугун белгилеп кетким келет. Тилекке каршы, көптөгөн жарандар жеңил жолду тандап, чоочун кишилерге же ортомчуларга акча төлөп кайрылышат. Мындай учурларда жасалма документтерди тапшырган киши тиешелүү жашап туруу укугу үчүн берген арызына терс жооп алат жана, адатынча, бул жаран Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, андан кийин депортациялоо процедурасы каралат.

Жарандарды өзгөчө сак болууну, бейтааныш кишилерге же шектүү фирмаларга ишенбөөнү, керек болсо Башкы консулдуктан консультация алууну суранабыз.

Ошондой эле учурдан пайдаланып, жарандарды Түркия Республикасынын эрежелерин жана мыйзамдарын бузбоого жана сак болууга чакырам.

 

- Белгилүү болгондой, Антальяда көптөгөн кыргыздар жашайт, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

 

- Диаспора бирикмелери жана активисттери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Диаспора өкүлдөрүнө Башкы консулдуктун иш-чаралары, пландары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Учурда Антальяга иштөө, окуу, дарылануу үчүн жана турист катары Кыргыз Республикасынын көптөгөн жарандары келүүдө.

Учурдан пайдаланып, турмуштук оор кырдаалга туш болгон Кыргызстан жарандарына жардам берип жаткан диаспоранын коомдук бирикмелерине жана активисттерине ыраазычылык билдирем. Диаспора өкүлдөрү менен болгон маекте Кыргызстандын айрым жарандары Түркияда жашап турууга укук алуу үчүн коммерциялык негизде ортомчулук кызмат көрсөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат алдык. Түркияда жашап туруу уруксаты – бул чет өлкөлүк жарандын өлкөдө белгилүү бир мөөнөткө же чексиз түрдө мыйзамдуу түрдө жашоо укугун ырастаган расмий документ экендигин кайталап кетейин. Тилекке каршы, убада кылынган кызматты көрсөтпөй, акчасын алгандан кийин байланышпаган абийирсиз кишилер да жок эмес. Башкы консулдук бул жаатта маалымдуулукту жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барууда.

Диаспора менен маданият жаатында дагы абдан активдүү иш алып баруудабыз деп айтсак болот. Айрыкча Анталья аймагында маданий иш-чаралар көп өткөрүлүп, аларга диаспора өкүлдөрү жигердүү катышып жатканын белгилегим келет. Негизги максат – кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын көрсөтүү жана өнүктүрүү. Иш-чараларда боз үйлөр тигилип, анда меймандар кыргыз маданияты, улуттук тамак-ашы, улуттук ыр-бийлери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Айрым учурларда расмий чакыруу боюнча Кыргызстандан белгилүү маданият ишмерлери, артисттер, ырчылар, балдар бий топтору да бул иш-чараларга катышат.

Жалпысынан диаспора менен иштөөнүн жакшы динамикасын белгилегим келет. Албетте, биз укук, жарандардын кызыкчылыгын коргоо маселелери, маданиятты жана бизнести өнүктүрүү боюнча жигердүү иштөөгө даярбыз жана мындан ары да улантабыз.

 

- Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык дипломатиянын өнүгүшүндө Башкы консулдуктун ролу тууралуу айтып берсеңиз.

 

- Экономикалык дипломатия Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилегим келет. Кыргыз Республикасынын экономикалык дипломатиясы өлкөбүздүн тышкы саясатынын бир бөлүгү катары Түркия менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Экономикабыздын артыкчылыктуу тармактары болуп транспорт, энергетика, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайы, туризм, тоо-кен жана айыл чарба саналат. Бул багыттар боюнча бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм тармактарында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн потенциалдуу өнөктөштөрдү тартуу иштери жүрүүдө.

Анталья Кыргыз Республикасынын жарандары арасында таанымал туристтик багыттардын бири. Учурда Pegasus Airlines жана Turkish Airlines түрк авиакомпаниялары тарабынан эки тарапка дээрлик күн сайын үзгүлтүксүз каттамдар ишке ашырылууда. Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынан Air Manas авиакомпаниясы тарабынан чартердик каттамдар уюштурулууда.

Дегеле Анталья аймагы Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен климаты жана экономикалык өнүгүүсү окшош деп ойлойм. Анталья бир гана туристтик аймак болбостон, айыл чарба тармагында да өнүккөндүктөн, бул жаатта да тажрыйба алмашууну караштырсак болот деп ойлойм.

 

-        Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм.

 

«Супара»

интернет каналынын жетекчиси

Мадина Жапарова

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK