2022-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулу Рустам Кошонов менен Анталья шаарынын мэриясынын башкы катчысынын орун басары Дурмуш Али Арсландын жумушчу жолугушуусу болуп өттү

1867

Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык, туризм, билим берүү, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун келечеги талкууланды.

Башкы консул Анталья менен Кыргызстандын шаарларынын ортосунда тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды түзүүгө басым жасоону сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун талкууланган багыттарынын алкагында практикалык кызматташуунун мындан аркы кадамдарын аныкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK