Ушул жылдын 15-мартында Башкы консул Рустам Кошонов Анталья облусунун Маданият жана туризм департаментинин башчысы Жандемир Зороглу мырза менен жолугушту
Жолугушууда маектештер маданият жана туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул контекстте быйылкы жылы маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле туристтик компаниялардын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү пландары белгиленди.