Ушул жылдын 29-мартында Башкы консул Рустам Кошонов Анталья облусунун Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Али Бахар мырза менен жолугушту.

460

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Анталья облусунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн бир катар маселелери боюнча пикир алмашышты.

Башкы консул түркиялык мамлекеттик жана жеке компаниялардын катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын туризм, энергетика, айыл чарба тармагындагы инвестициялык потенциалы тууралуу кеңири маалымат берди.

Али Бахар өлкөнүн жогорку инвестициялык жагымдуулугун жогору белгилеп, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз тарап менен кызматташуу үчүн ишкерлерди КРнын Анталья шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууну сунуштайбыз.

Байланыштар:

Телефон: +90 546 557 04 71. E-mail: kgconsulate.antalya@mfa.gov.kg.

Дарек: Güzeloba Mah., Barınaklar Bulvarı, Doktorlar Sitesi №:138, Муратпаша/ Анталья.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK