2023-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Анталья облусунун Миграция кызматынын директору Дерья Эрдоган айым менен жолугушуусу болуп өттү

262

Жолугушууда кыргыз тарап миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди көтөрүп, Кыргыз Республикасынын жарандары туш болгон көйгөйлөргө көңүл бурду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жүрүү шарттарын жеңилдетүү боюнча кеңири баарлашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK