Ушул жылдын 25-апрелинде Башкы консул Рустам Кошонов TÜRSAB туризм ассоциациясынын жер ортолук деңизи аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Риза Перчин мырза менен жолугушту

227

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн жолдорун, анын ичинде эки мамлекеттин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн эки өлкөнүн туроператорлорунун туристтик көргөзмөлөргө катышуусун сунуштады.

Сүйлөшүүнүн уландысында кыргыз тарап Түркия Республикасынын жарандары үчүн «Ата-бабалардын мурасы» аттуу 10 күндүк атайын турун тартуулады. Тур программасы өлкөнүн негизги кооз жана тарыхый жерлерине баруу менен Кыргызстандын тарыхы, бай маданияты жана жаратылышы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын туристтик багыттарын илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK