Ушул жылдын 6-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата Башкы консулдук мекендештер үчүн маданий иш-чара – музейге барууну уюштурду
Башкы консул кыргызстандыктарды бул маанилүү окуя менен куттуктап, эгемен мамлекетибиздин калыптанышында жана өнүгүшүндө Конституциянын өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Мекендештер уюштурулган иш-чарага ыраазычылык билдирип, мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешти.