2023-жылдын 28-августунда Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Анталья облусунун Миграция кызматынын башчысы Дерья Эрдоган айым жана Миграция кызматынын алдындагы Депортация борборунун директору Метин Генерал мырза менен жолугушуусу болуп өттү

262

Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен миграция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди, анын ичинде консулдук мекеменин Депортация борбору менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулоо максатында уюштурулду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө камактагы мекендештерге ыкчам укуктук жардам көрсөтүү боюнча практикалык өз ара аракеттенүү механизмин өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Өзгөчө көңүл мекендештердин жарандык укуктарын сактоого, анын ичинде камакта кармоо шарттарына, өз убагында медициналык жардам алууга жана башка маселелерге бурулду.

Депортация борборундагы Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу Башкы консулдукка өз убагында кабарлоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK