Ушул жылдын 7-сентябрында Башкы консул Рустам Кошонов Анталья облусунун Соода жана өнөр жай палатасынын кеңешинин төрагасынын орун басары Жихангир Дениз мырза жана Анталья Коомдук пикир платформасынын негиздөөчү-президенти Ибрахим Бодур мырза менен жолугушту.
Жолугушуу экономикалык кызматташтыктын кеңири спектрин, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоого багытталган.