Ушул жылдын 26-27-октябрында Антальяда жыл сайын өтүүчү «Antalya Turizm Fuarı 2023» Эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүүдө

251

Көргөзмөгө 35тен ашык мамлекеттен өкүлдөр катышты. Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүү колдоо фондунун жана Туроператорлор ассоциациясынын делегациясы катышууда.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын делегациясы Башкы консулдук менен биргеликте туризм тармагында жаңы байланыштарды түзүү жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында бир катар иштиктүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Башкы консулдуктун жардамы менен TÜRSAB Туризм Ассоциациясынын Жер Ортолук деңиз аймактык Өкүлчүлүгүнүн Вице-президенти Мехмет Сезгин Озер мырза жана Анталия облусунун Маданият жана туризм департаментинин башчысынын орун басары Серап Дерьяли айым менен жолугушуу өткөрүлдү.

Тараптар жаңы туристтик продуктыларды түзүү, мейманкана индустриясын өнүктүрүү жана өз ара туристтик агымдарды көбөйтүүгө жана инвестиция тартууга багытталган тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK