2023-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Анталияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Анталия облусунун Губернатору Хулуси Шахин менен жолугушуу өткөрд

240

Жолугушууга КРнын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Түркиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелер талкууланды.

Түркиянын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, Элчи Р.Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын Түркияда мыйзамдуу түрдө жүрүүсүнө жарандардын динамикалуу кызыгуусуна көңүл буруп, бул маселеде максималдуу жардам көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK