Ушул жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Казакбаевдин Акдениз университетинин ректору Өзленен Өзкан айым менен жолугушуу болуп өттү.

223

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулу Р.Кошонов катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн университеттери ортосунда академиялык же студенттерди алмашууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Элчи Р.Казакбаев эки өлкөнүн университеттеринин билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердигинде практикалык өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга өз ара даярдыгын билдиришти, ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пландарды белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK