Ушул жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Р.Казакбаевдин Анталья облусунун полиция департаментинин Башчысы Орхан Чевик мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

212

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулу Р.Кошонов да катышты.

Тараптар Түркияда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Кыргыз тарап Түркия Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына максималдуу жардам көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде О.Чевик мырза Анталиянын полициясы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берерине ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK