Ушул жылдын 3-5-ноябрында Анталия шаарынын мэриясынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев жана Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов « Yörük Türkmen Kültür Festivali » Экинчи Эл аралык фестивалына катышты

245

Фестивалдын жүрүшүндө зыяратчыларга ар кайсы өлкөлөрдөн келген спектаклдер менен кызыктуу концерттик программа тартууланды. Кыргыз Республикасынын атынан Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, ошондой эле Кыргыз улуттук театрынын артисттери катышты.

Кыргыз артисттери сымбаттуу жана назик бий номерлери менен көрүүчүлөрдү таң калтырса, акындар кыргыз элинин жан дүйнөсүн, каада-салтын жеткирген өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.

Фестивалда 100дөн ашык боз үй тигилип, келген коноктор ар улуттун маданияты менен жакындан таанышып, улуттук тамак-аштарынан даам татууга мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз боз үйүнүн кооздугун жана анын ички жасалгасын көптөгөн коноктордон тышкары Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин мырза, ошондой эле Анталия шаарынын мэри Мухиттин Бочек белгилешти. Ардактуу коноктор мекендештерибиз тарабынан даярдалган улуттук даамдардан жана суусундуктардан даам татышты.

Иш-чаранын максаты түрк элдеринин маданиятын түшүнүү жана сактоо жана келечек муундарга жеткирүү болгон. Фестивалга 25тен ашык өлкөдөн, 25 райондук муниципалитеттен жана 80 ассоциациядан өкүлдөр катышты.

Фестивалдын катышуучулары маданий көп түрдүүлүктүн укмуштуудай мозаикасын түзүштү, бул иш-чаранын конокторуна түрк элдеринин каада-салттарынын, ырым-жырымдарынын жана искусствосунун дүйнөсүнө сүңгүүгө мүмкүндүк берди. Бул иш-чара бир гана маданият майрамы болбостон, ар түрдүү маданий жамааттардын ортосундагы диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтча болуп калды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK