2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун жана Казакстан Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугунун колдоосу астында «Саламаттык сактоо жана маданий байланыш» деген темада семинар болуп өттү

229

Иш-чарада саламаттыкты сактоо жана маданияттар аралык коммуникация тармагындагы тажрыйбалуу адистердин лекциялары окулуп, алар Түркияда медициналык жардамга өз убагында кайрылуунун маанилүүлүгүн жана кабыл алган өлкөнүн медициналык мекемелерине барганда эффективдүү өз ара аракеттенүүнүн жолдорун айтышты.

Аудитория менен түз диалогдун жүрүшүндө семинардын катышуучулары спикерлерге суроолорду берүүгө жана Түркиянын медициналык мекемелеринде медициналык жардам алууда туш болгон конкреттүү кырдаалдарды талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

Бул сыяктуу иш-чаралар биздин жарандардын Түркиядагы саламаттыкты сактоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана маданий түшүнүүнү жана социалдык адаптацияны жакшыртууга жардам берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK