Ушул жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Атажанов Ырысбек, Култаева Динара жана Кожокулова Гуля Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин мырза менен жолугушушту

236

Ушул жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңешинин делегациясынын Анталия шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Атажанов Ырысбек, Култаева Динара жана Кожокулова Гуля Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин мырза менен жолугушушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди, анын ичинде миграцияга байланыштуу жана Кыргызстан менен Түркияны кызыктырган башка актуалдуу темаларды талкуулашты.

Түркиянын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен кыргыз тарап Анталия аймагында эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жашоого уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин да талкуулашты. Тараптар маданий баалуулуктарды алмашууну кеңейтүүгө, билим берүү, искусство жана маданият тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин билдиришти.

Башкы консул Рустам Кошонов ошондой эле учурда 2023-жылдын 26-ноябрынан 29-ноябрына чейин Анкара жана Анталия шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK