Анталья шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү

163

2023-жылдын 28-29-ноябрында Анталияда маанилүү даталарга: Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргызстандын Маданият күндөрү болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев, Маданият министринин Биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулу Рустам Кошонов, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова, чакырылган коноктор, дипломатиялык корпус өкүлдөр жана Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Эки күндүн ичинде көркөм жана салттуу кол өнөрчүлүктөрдүн көргөзмөлөрү, ата мекендик тасмалардын көрсөтүлүшү, улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү жана башка көптөгөн нерселер камтылган бай маданий программа тартууланды.

Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн соңунда Анталия мамлекеттик театрынын сахнасында жабылыш аземи жана Гала-концерт болуп, анда КР эл артисттери Саламат Садыкова, Роза Аманова, КР Эмгек сиңирген артисттери Гүлзинат Суранчиева, Улан Качкыналиев, КР Эл артисти Рысбек Жумакуновдун жетекчилигиндеги Ч.Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли катышты. Аткарууну А.Нургалиева жетектеген Н.Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал" бий ансамбли, Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери жана Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери коштоду.

Ата мекендик артисттердин ар бир аткаруусу залдын дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду. Кеченин коноктору бул маанилүү иш-чарага катышкан артисттердин жогорку кесипкөйлүгүнө жана талантына баа беришти.

Бул иш-чара эки боордош маданиятты чыңдоо жана өз ара руханий алмашуу жана байытуу үчүн маанилүү окуя болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK