Ушул жылдын 12-декабрында Анталиядагы Акдениз университетинде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү

131

Эсте калаарлык кечеге Акдениз университетинин билим берүү факультетинин деканы Хилми Демиркая, «Türk Ocakları» уюмунун Анталия аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Абдулла Уйсал, Башкы консулдуктун кызматкерлери, кыргыз коомчулуктарынын өкүлдөрү, университеттин студенттери жана Анталияда жашаган мекендештер катышты.

Бул күнү көрүүчүлөргө залкар жазуучунун өмүр жолу тууралуу видеоролик тартууланып, чыгармачылыкка негизделген театралдаштырылган оюн-зооктор, ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр окулду.

Иш-чара жаш муундун көңүлүн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына буруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK