2024-жылдын 15-16-февралында Башкы консул Рустам Кошонов Денизли облусуна иш сапары менен барды.

179

Иш сапардын алкагында Соода палатасынын төрагасы Угур Эрдоган мырза, Өнөр жай палатасынын төрагасы Селим Касапоглу мырза, Товар биржасынын башчысы Ибрахим Тефенлили мырза жана Өнөр жайчылар жана ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Бугра Кучуккаялар мырза менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган маселелердин кеңири спектри талкууланды. Башкы консул өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегине токтолуп, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берди.

Башкы консул ошондой эле бир катар «UĞURLULAR» жана «TAN» ири текстиль фабрикаларында барып, текстиль өндүрүшүнүн кайра иштетүүдөн баштап даяр продукцияга чейинки этаптары менен таанышты. Ишканалардын жетекчилери менен болгон иштиктүү жолугушууда мүмкүн болгон өз ара аракеттенүү жана аймактар аралык кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Учурдан пайдаланып, Башкы консул маектештерди облустун ишкерлери менен бирге Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK