Документерди таануу жана суратып алдыруу

Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынан социалдык-укуктук мүнөзгө ээ болгон документтерди (Соттолбогондугу тууралуу тактама, жарандык абалы, туулгандыгы, нике жана каза болгондугу тууралуу күбөлүк жана башка архивдик документтер) тастытоо жана алдыруу маселелери боюнча арыздарды кабыл алат.

Толугураак маалымат алуу үчүн, төмөнкү катташуу маалыматтары аркылуу Кыргыз Республикасынын Венадагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот. Тел.:+ 43 1 535 03 79 15, email: kgembassy.at@mfa.gov.kg