Консулдук каттоо
Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндөгү” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен үч айдан ашык мөөнөткө чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары ошол бара жаткан мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемеде он беш күндүн ичинде катталышат.
Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук каттоого зарыл экендигин эскертет жана консулдук каттоого алуунун башкы максаты – конституциялык укуктарын коргоо (шайлоолорго катышуу), кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызызыкчылыктарын коргоо (документтерди жоготкон учурларда аларды кайра алууна жардам көрсөтүү үчүн) үчүн Австриядагы Кыргызстандын жарандарынын тизмесин түзүү болуп саналат.
Толугураак маалымат алуу үчүн, төмөнкү катташуу маалыматтары аркылуу Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот. Тел.:+ 43 1 535 03 79 15. E-mail: kgembassy.at@mfa.gov.kg.