Кызмат

Жалпы жарандык паспортторду тариздөө

Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде Австрия ID-картасы жана консулдук каттоосу болсо, Кыргыз Республикасынын Венадагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун тариздеп алса болот. Консулдук каттоосу жок жарандар, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу арыз жазуу менен бирге Консулдук каттоого турууга арыз жазышса болот.

Кыргыз Республикасынын Венадагы Элчилиги Австрияга туристтик же конок визасы менен кирген жарандарга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун тариздеп берүүгө укугу жок.

Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктөрдү тариздөө

Кыргыз Республикасынын жарандары паспортторун жоготуп жиберген учурларда, Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигине убактылуу өтүү документин (Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк) берүү өтүнүчү менен кайрыла алышат.

Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү Кыргызстанга кайтып келүү үчүн жана керектүү мөөнөткө (бирок 30 күндөн ашык эмес) гана берилет. Кыргыз Республикасына келгенден кийин жаңы паспорт алуу жана Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн тапшыруу үчүн, арыз ээси бир айлык мөөнөттүн ичинде тиешелүү органдарга кайрылышы керек.

Толугураак маалымат алуу үчүн, төмөнкү катташуу маалыматтары аркылуу Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот. Тел.:+ 43 1 535 03 79 15.  E-mail: kgembassy.at@mfa.gov.kg.