Нотариалдык маселелер
Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги берилген ыйгарым укуктун чегинде, Кыргыз Республикасында арыз ээсинин/өтүүнүчүн атынан укуктук иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн, ишеним кат/доверененность тариздөө сыяктуу нотариалдык кызматтарды көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
Нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Вена шаарындагы Элчилигинде, арыз берүүчү/өтүнүүчү кишинин болуусу жана төмөндөгү документтердин берүүсү менен ишке ашырылат:
- Талап кылынуучу документти тариздөөгө арыз жазуу (Толук аты-жөнү, жашаган жери, байланыш телефону, электродук дареги көрсөтүлүш керек). Арыздын үлгүсүн Элчиликтин консулдук бөлүмүнөн алынат.
- Жалпы жарандык паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү;
- Арыз ээсинин жана ишенимдүү адамдын Кыргыз Республикасынын ID-картасынын түстүү (мүмкүн болсо) көчүрмөлөрү;
- Тиешелүү учурларда Консулдук бөлүм кошумча документтерди талап кылат.
Нотариалдык иш-аракеттер үчүн, консулдук жыйым – 50 АКШ долл. түзөт. Төлөм банк аркылуу жүргүзүлөт:
Account Name: Embassy of the Kyrgyz Republic in Vienna
BLZ: 12 000
Account No.: 103 1080 7102
IBAN: AT 45 1200 0103 1080 7102
SWIFT: bkauat ww