Дипломатиялык миссиянын башчысы

Макеев Толенды Картанбаевич
Туулган күнү жана жери: 26.04.1958, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Билими: Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети (1980–ж.). Адистиги: Филолог. Котормочу. Мугалим
Эмгек жолу:
1980-1986 Кыргыз мамлекеттик университетинин немис тил кафедрасынын мугалими
1986-1990 Авиация персоналын даярдоо жана өркүндөтүү боюнча Борбордук окуу жайынын котормочусу
1990-1991 СССРдин БУУга көмөк көрсөтүү Ассоциациясынын Кыргызстандагы филиалынын башкаруу органынын жооптуу катчысы
1991-1992 КР ТИМдин экономикалык жана маданий кызматташтык бөлүмүнүн Экинчи, Биринчи катчысы
1993–1994 КР ТИМдин Европа жана Америка бөлүмүнүн Европа секторунун жетекчиси, эксперти
1995–1996 КРдин Германия Федеративдүү Республикасынындагы Кичи Элчиси
1996-1997 КРдин Германия Федеративдүү Республикасыннын Бонн шаарындагы элчилигинин кеңешчиси
1997–1998 КРдин Германия Федеративдүү Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы Консулдук агенттигинин жетекчиси
1998–2001 КР ТИМдин Биринчи саясий департаментинин директору, Батыш өлкөлөр боюнча башкармалыгынын жетекчиси
2001–2004 КРдин Германия Федеративдүү Республикасынын Берлин шаарындагы элчилигинин кеңешчи-өкүлү
2004–2005 КР ТИМдин тышкы саясатты пландаштыруу, көп тараптуу экономикалык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси
2005-2010 КРдин Шанхай кызматташтык уюму боюнча КРдин тышкы иштер министринин орун басары рангындагы Улуттук координатору
2010–2012 КРдин Германия Федеративдүү Республикасындагы, Ватикандагы, Дания, Норвегия, Швеция Падышачылыктарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2012–2013 VD Consult GmbH немис консалтинг фирмасынын КШМ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча кеңешчиси
2014–2019 «К.О. Стандарт Агросервис» ЖЧКсынын башкы менеджери
2019–2021 КР ТИМдин Экинчи саясий департаментинин директору
2021-ж. 17-июнунан баштап - КРнын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы КРнын туруктуу өкүлү
Дипломатиялык рангы: Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (2011-ж.)
Чет тилдери: орус, немис, англис тилдери
Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, 2 баласы бар