Өлкө тууралуу маалымат

Австрия (Österreich), Австрия Республикасы (Republik Österreich) – Борбордук Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Германия, чыгышынан Венгрия, түштүгүнөн Словения жана Италия, батышынан Швейцария жана Лихтенштейн менен чектешет. Аянты 83,9 миң км2. Калкы 8,4 млн (2005). Борбору Вена шаары. Акча бирдиги евро (2002-ж. чейин Австрия шиллинги). Австрия федерациялык республика. 9 административдик-аймактык бирдикке (жер) бөлүнөт (Вена шаары административдик-аймактык бирдик катары эсептелет). Мамлекеттик башчысы президент. 6 жылга шайланат (бир гана жолу кайра бийлигинин шайланууга акылуу). Мыйзам чыгаруу жогорку органы эки палаталуу (Улуттук Кеңештен 4 жылга шайланган 183 депутат жана Федералдык Кеңештен лантаг тарабынан шайланган 64 депутат) парламент. Аткаруу бийлигин канцлер, вице-канцлер жана министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ар бир аймактын (жердин) өзүнүн конституциясы жана калк тарабынан шайланган өз парламенти ландтагы бар. Аймагы тоолуу келип, анын 3/4 бөлүгүнө жакынын Чыгыш Альп тоолору (эң бийик жери Гросглокнер чокусу, 3797 м) жана анын тоолору ээлейт. Бири-бирине жарыш жаткан Түндүк Акиташтуу, Борбордук Кристаллдуу жана Түштүк Акиташтуу Альп тоолоруна бөлүнөт. Калган бөлүгүн Ортоңку Дунайдагы түздүк, ойдуңдар (Штирия-Бургенланд ойдуңу, Вена массиви), түндүгүнөн Чех массивинин түштүк бөлүгү кирип турат. Темир рудалары, нефть, газ, алюминий, күрөң көмүр, магнезит жана башка кендери бар. Климаты мелүүн континенттик, батышы нымдуу, кышы жумшак, жайы салкын. Январдын орточо температурасы -1 -4°С, июлдуку 15-18°С. Жылдык жаан-чачыны 500-900 мм, тоолорунда 1500-2000 мм. Түндүк-батыш капталдарында жаан-чачын арбын жаайт. Тоолуу аймагында бийиктик алкактуулук даана байкалат. Суу кар тез-тез жаайт; 7-8 ай кар жатат. Мөңгүнүн аянты 5 км2 дан ашык. Суулары Дунай жана Рейн дарыясына кирет. Австриянын аймагында Дунай дарыясы 350 кмге созулуп агат. Куймалары: Инн, Энс, Лайта, Раб, Драва жана Морава. Тоо дарыялары тик түшүп, шар агып, энергия ресурска бай. Жайында ташкындап, кышында тартылат. Австрияда 580ге жакын көл бар, алар негизинен мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Ирилери: Боден (Австриянын Германия, Швейцария менен чегарасында), Нойзидлер-Зе (Венгрия менен чегарасында). Нойзидлерзе-Зевинкель, Карвендельбирге жана башка коруктары бар. Чымдак-күл, боз токой топурагы, түштүк-чыгышында күлдөшкөн кара топурак, тоолорунда күлдөшкөн боз тоо топурагы өөрчүгөн. Аймагынын 44%ин токой ээлейт, ал улуттук негизги байлыктарынын бири. 600-800 м бийиктикке чейин айдоо жерлер менен кошо жазы жалбырактуу (эмен, бук, акчечек) токой массивдери ээлейт. 1400-1800 м бийиктиктердеги ийне-жазы жалбырактуу токой, андан жогору тоо кызыл карагайы, жапалак балкарагай менен алмашат. 2000 мден жогору жыш өскөн альп шалбаасы, 2700-3000 мге чейин шалбаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылат. Калкынын 90%ы австриялыктар. Андан тышкары словен, хорват, чех, венгер, серб, цыгандар, ошондой эле немистер, италяндар жана башка улут өкүлдөрү жашайт. Шаар калкы 77% (2005). Калкынын көбү христиандар (83%), анын ичинде католиктер 76%, протестанттар 5%га жакын, православиелер 2%; мусулмандар 2,3%, иудейлер 0,1%. Мамлекеттик тили немис тили. Калктын табигый өсүү динамикасы төмөн. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники -73, аялдарыныкы -79 жаш. Калктын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 100 киши. Негизинен Дунай жана Рейн дарыясынын өрөөндөрүндө, Штрия менен Бургенланд түздүктөрүндө отурукташкан. Ири шаарлары: Вена, Грац, Линц, Зальцбург, Инсбрук.