Элчи Т.Макеевдин демилгеси менен Борбордук Азия мамлекеттеринин Австриядагы Элчилеринин Грац шаарына 2-иш сапары болду

159

2023-жылдын 8-9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөндү Макеевдин демилгеси жана австриялык “The eee group GmbH” ишканасынын Башкаруучу директору Штефан Дюсс (Stefan Düss) мырзанын колдоосу менен Борбордук Азия мамлекеттеринин Австриядагы Элчилеринин Австриянын Штирия (Steiermark) Федералдык жеринин борбору Грац шаарына иш сапары уюштурулду.

Иш сапардын алкагында Элчилер Грац шаарынын мэри Э.Кар (Elke Kahr) айым, Штирия Федералдык жеринин Губернатору Кристофер Дрекслер (Christopher Drexler) мырза менен жолугуп, Грац техникалык университетине жана Грац университетине барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Мындан тышкары Штириянын ири өнөр жай компанияларынын өкүлдөрүнүн презентацияларын көрүштү.

Аталган жолугушууларда КРнын Элчиси Т.Макеев Борбордук Азия элчилеринин атынан сөз сүйлөп, бул иш сапар 2022-жылы КР элчилигинин демилгеси менен июнь айында болуп өткөн “Борбордук Азия - Штирия” Биринчи Регионалдык бизнес форумунун уландысы катары ишке ашып жатканын, быйылкы программада негизги көңүл борбору билим берүү багытына, ошондой эле Штириянын экономика, экология, курулуш жана адам ресурстарын туура пайдалануу боюнча кластерлерди өнүктүрүү тажрыйбасына басым жасаларын белгиледи.

Т.Макеев Грацтын инновациялар, жаңы технологиялар, билим берүү багыттарындагы жетишкендиктерине кызыгып, Борбордук Азия мамлекеттеринин шаарлары менен Грацтын ортосунда биргелешкен долбоорлор аркылуу өнөктөш болуп, кызматташуу жолдорун талкуулоону сунуштады.

Дипломатиялык миссиялардын башчылары Штирия Федералдык жеринин Губернатору К.Дрекслер менен жолугушуунун жүрүшүндө ага Борбордук Азия мамлекеттеринин Австриядагы Элчилеринин “Борбордук Азия - Штирия” Регионалдык бизнес форумун Грацта жыл сайын өткөрүү демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жаңы дэңгээлге көтөрүлөөр деген ишенимин билдиришти.

Иш сапардын алкагында Элчи Т.Макеев Штириянын Эл аралык Борборунда Кыргызстандын туризм жана жашыл энергетика тармагындагы дарамети, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация жасады. Бул презентациялар катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, позитивдүү бааланды.

Ошондой эле, Кыргызстан жана анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалыматтарды камтыган презентация материалдары жана брошюралар Штирия Эл аралык Борборунун өкүлдөрүнө мындан ары Форумдун катышуучулары жана потенциалдуу инвесторлордун арасында жайылтуу үчүн таратылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK