Австрия парламентинде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү

187

2023-жылдын 13-ноябрында Австриянын парламентинде КРнын Австриядагы Элчиси Төлөндү Макеевдин жана Австриянын Улуттук Кеңешинин (парламентинин) депутаты, «Австрия-Борбордук Азия» парламенттик достук тобунун Төрайымы Ева Эрнст-Дзиджич айымдын биргелешкен демилгеси менен КР Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз-австрия достук Коомунун жетекчиси, белгилүү юрист жана дипломат Мартин Сайдик жана Австриянын NEOS партиясынын тышкы саясат боюнча расмий өкүлү, депутат Гельмут Брандштеттер катышып, уюштуруучуларга өздөрүнүн жылуу ыраазычылык пикирлерин билдиришти. Чакырылган коноктордун арасында Австрия парламентинин депутаттары, Борбордук Азия мамлекеттеринин Австриядагы элчилери, Венадагы БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарда аккредитацияланган дипломатиялык корпустун жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү болду.

Иш-чараны КРнын Элчиси Т.Макеев ачып, Ч.Айтматовдун адабий чыгармачылыгындагы негизги жетишкендиктери, ошондой эле улуу жазуучубуздун дипломатиялык ишмердүүлүгү жөнүндө кенен айтып берди.

Өз кезегинде Е.Эрнст-Дзиджич айым биргелешкен иш-чарага келген коноктордун көптүгүн белгилеп, бул Ч.Айтматовдун зор абройунан кабар берерин, Австрияда улуу инсандын чыгармачылыгы жогорку сый-урматка ээ экендигин билдирди.

Иш-чаранын алкагында Бактыбек Шамкеевдин баяндамасынын негизинде режиссер Бакыт Карагулов тарткан немис тилиндеги «Жамийланын кыздары» (“Djamilas Töchter”) аттуу документалдык тасма көрсөтүлдү. Тасма көрсөтүлгөндөн кийин Кыргыз-австрия достук Коомунун жетекчиси М.Сайдик сөз алып, тасмада чагылдырылган Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жаралуу тарыхын жана тасмада чагылдырылган негизги каармандардын образын кенен ачып берди.

Мындан тышкары, чакырылган конокторго Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына, эмгек жолуна жана ишмердүүлүгүнө арналган атайын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган маданий иш-чаранын алкагында ошондой эле Вена шаарынын “Thalia” белгилүү китеп дүкөнүнүн кызматкерлери Ч.Айтматовдун немис тилинде жарык көргөн бир нече китептерин сатыкка коюшту.

Иш-чарада катышуучуларга кыргыз улуттук тамак-аштары тартууланды. Салтанат Ч.Айтматовдун адамзаттын дүйнөлүк руханий мурасына кошкон зор салымы боюнча ой-толгоолор жана пикир алмашуулар менен аяктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK