Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев Андорранын Тышкы иштер министри И.Т.Фаус менен жолугушту

145

2023-жылдын 30-ноябрында Скопье шаарында өткөн ЕККУнун Министрлер кеңешинин 30-отурумунун алкагында КР делегациясынын Башчысы, Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Андорра делегациясынын Башчысы, Тышкы иштер министри И.Т.Фаус менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Андорранын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Кыргыз тарабы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Андорранын туризмди өнүктүрүүдөгү бай тажрыйбасын эске алып, А.Молдогазиев бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди өз ара колдоо маселеси жолугушууда өзүнчө талкууланды. КР делегациясынын Башчысы Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактаарын жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк аренада Андорраны маанилүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Өз кезегинде И.Т.Фаус айым кыргыз тарабынын сунуштарын кароого даяр экенин билдирип, Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрүн Андоррага келип кетүүгө жана тыгыз кызматташууну түзүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK