Министрдин орун басары А.Молдогазиев климаттын өзгөрүшүнүн адам коопсуздугуна тийүүчү таасирине арналган Сайд-ивентке катышты

127

2023-жылдын 30-ноябрында Скопье шаарында өтүп жаткан ЕККУнун Министрлер кеңешинин жыйынтыктоочу 30-отурумуна катышуунун алкагында КР делегациясынын Башчысы, Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев климаттын өзгөрүшүнүн адам коопсуздугуна тийүүчү таасирине арналган Сайд-ивентке катышты.

Түндүк Македониянын ЕККУдагы төрагалыгы тарабынан уюштурулган бул иш-чарага ЕККУнун Учурдагы Төрагасы, Түндүк Македониянын Тышкы иштер министри Б.Османи, ЕККУнун Башкы катчысы Х.Шмид айым, Норвегиянын Тышкы иштер министри Е.Б.Эйде, Албаниянын Тышкы иштер министри И.Хасани, Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары С.Имоми жана башкалар катышты.

Өз сөзүндө КР Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактоонун маанилүүлүгүнө катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду. Климаттын глобалдык өзгөрүүсүнүн коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучун белгилеген А.Молдогазиев, мөңгүлөрдүн эришинин сел, жер көчкү жана кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктарга алып келүүчү кесепеттерине токтолду. Ошондой эле катышуучуларга Кыргызстандын тоолуу өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берип, Кыргызстанда жалпы аянты 7 миң чарчы километрдей 10 миңге жакын тоо мөңгүлөрү бар экендигин кабарлады.

КР делегациясынын Башчысы мөңгүлөр Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн дагы таза суунун маанилүү булагы экенин белгиледи. Мөңгүлөрдүн эриши БАнын калкынын жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет, андыктан аймактык деңгээлде кызматташтыкты чыңдоого чакырып, мындай аракеттерди эл аралык коомчулуктун колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

А.Молдогазиев ошондой эле 2022-жылдын декабрь айында бир добуштан кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясына көңүл бурду. Бул резолюцияны ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын демилгеси жана Тоо өнөктөштүгүнүн, ФАОнун, БУУнун агенттиктеринин жана ЕККУнун колдоосу менен 2023-2027-жылдарга тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Глобалдык иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK