Элчи Т.Макеев Австриянын Федералдык Президентинин Европа жана эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Элчи Люсия Кронштейнер айым менен жолугушту

168

Үстүбүздөгү жылдын 06-декабрында Венадагы Хофбург сарайында Элчи Т.Макеевдин Австриянын Федералдык Президентинин Европа жана эл аралык иштер боюнча кеңешчиси, Элчи Люсия Кронштайнер (Lucia Kronsteiner) айым менен жолугушуусу болду.

Жолугушууда кыргыз-австриялык эки тараптуу мамилелердин ар тараптуу суроолору талкууланды. Элчи Т.Макеев Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги тууралуу кеңири маалымат берди. 2024-жылы кыргыз тараптын Австрияга ар кандай деңгээлдеги бир катар визиттерди, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин сапарын, Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларды Бишкекте, ал эми Венада экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-австриялык комиссиянын кезектеги 9-жыйыны уюштуруу ниеттерин билдирди. Эки өлкөнүн конкреттүү аймактарынын ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Зальцбургдагы, Жогорку Австриядагы жана Каринтиядагы Ардактуу консулдары активдүү жардам көрсөтүп жатканадыгы белгиленди. Тараптар инвестициялык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары катары гидроэнергетика, жашыл экономика, туризм, айыл чарба жана санариптештирүүнү белгилешти. Элчи айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө жана мөңгүлөрдүн эришине каршы күрөшүү маселелери негизги орунду ээлеген БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдар аркылуу көп тараптуу форматта активдүү кызматташууга көңүл бурду. 2022-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясынын «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» деген резолюциясын кабыл алууда демөөрчү болгону үчүн австрия тарапка ыраазычылык билдирди. Бул резолюцияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы Тоо шериктештигинин, ФАОнун, БУУнун жана ЕККУнун агенттиктеринин колдоосу менен 2023-2027-жылдарга тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча Глобалдык аракет планын иштеп чыкты.

Өз кезегинде Л.Кронштайнер айым Борбор Азия мамлекеттери Австрия үчүн чоң кызыгууну жаратып жатканын, биздин өлкөлөр ортосунда салттуу достук байланыштар түзүлгөндүгүн белгиледи.Бул өз ара кызыкчылыктарды жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн жагымдуу өбөлгөлөрдү түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги башка актуалдуу маселелер да талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK