Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2024-жылдын 15-16-февралында Чехиянын Прага шаарында консулдук кызмат көрсөтүлөт
Урматтуу мекендештер,
2024-жылдын 15-16-февралында Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызмат боло тургандыгын маалымдайбыз. Консулдук кабыл алууга жазылуу үчүн 2024-жылдын 11-февралына чейин Консулдук бөлүмдүн төмөнкү электрондук почтасына: kyrgyz.consul.vienna@gmail.com толук аты-жөнүңүздү жана кандай консулдук кызматка мажбур экендигиңиз тууралуу арызыңызды жөнөтүүнү өтүнөбүз. 11-февралдан кийин түшкөн арыздар кабыл алынбайт.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №133 Токтомуна ылайык, консулдук кызмат көрсөтүүлөрүнүн акы төлөө түзүмүнө жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенине көңүл бургубуз келет. Элчилик/Башкы консулдук жок жерлерде аталган чет өлкөлүк мекемесинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары көп жашаган жерлерге баруу менен консулдук кызмат көрсөтүлгөн болсо, алынуучу каражаттардын суммасы 200%га көбөйөт.
Элчилик КРнын жарандарына төмөнкү кызматтарды көрсөтөт (консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары 200%га өсүү менен көрсөтүлгөн):
- Нотариалдык иш-аракет (30 АКШ доллары);
- Ишеним катты каттоо (30-60 АКШ доллары);
- Жалпы жарандык (чет элдик) жана ID паспортторун алуу/алмаштыруу(90 АКШ доллары);
- Кыргыз Республикасынан документтерди (маалымкат) талап кылуу (төлөмсүз);
- Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого алуу (төлөмсүз);
- Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматтары: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгүн каттоо, аты-жөнүн өзгөртүү ж.б. (30 АКШ доллары);
- "Мекен-карт" документин берүү (120 АКШ доллары);
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү (30 АКШ доллары);
- Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу (75 АКШ доллары);
Консулдук кызмат көрсөтүү Чехиядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунда төмөнкү даректе өтөт: Na Příkopě 1047/17, 110 00 Praha 1, 1 кабат (“AMADI” компаниясынын кеңсеси).
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү электрондук дарек: kyrgyz.consul.vienna@gmail.com же +43-1-535-03-19-15 телефон аркылуу Элчиликтин иштөө убактысында (саат 09:00дөн 12:30га чейин жана 13:30дан 18:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары) биз менен байланышсаңыздар болот. Зарыл болгон документтердин тизмеси менен алдын ала таанышууңуздарды суранабыз. Сиздин алдын ала катталууңуз талап кылынат!