Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү

138

2024-жылдын 19-январында ЕККУнун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин жана бул багыттагы күн тартибин талкуулашты.

Алар өлкөнүн улуттук артыкчылыктарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK