Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды

147

2024-жылдын 25-январында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев менен Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Толенды Макеевдин Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын Вице-президенти Вольфганг Хезун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев кыргыз тарапты олуттуу кызыктырган кызматташтыктын багыттары катары гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, экотуризм, жеңил өнөр жай, банк сектору, IT технологияларды өнүктүрүү тармактарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү алкагында кыргыз-австриялык бизнес-форумду өткөрүү сунушталган. Бул ойду австриялык тарап оң кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын кесиптик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн сертификициялоосун Австрияда таануу мүмкүнчүлүгү боюнча да пикир алмашуу болгон.

Мындан тышкары экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австриялык өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 9-отурумун ушул жылы Вена шаарында өткөрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK