Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган «Руханий мурас – мезгил байланышы» аттуу кыргыз маданиятынын концерттик кечесин уюштурулду

164

2024-жылдын 2-февралында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган «Руханий мурас – мезгил байланышы» аттуу кыргыз маданиятынын концерттик кечесин уюштурду.
Кыргыз маданият кечесине Австрия Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин, БУУнун, ЕККУнун жана Венадагы башка эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрү, чет өлкөлүк элчиликтердин жана туруктуу өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз-Австрия достук коомунун мүчөлөрү, Австриядагы биздин мекендештер катышты.
Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчиси Толенды Макеев ачылыш сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Австрияда кыргыз маданиятын таанытуу жана жайылтуу үчүн Кыргызстандан келген өнөрпоздорго ыраазычылык билдирди.
Концертте Кыргыз Республикасынын Эл артисти Б.Ыбыкеев жетектеген Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисттеринин аткаруусунда классикалык опералардын ариялары, кыргыз ырлары, Кыргыз Республикасынын эл артисти Н.Нышанов аткаруусунда фольклордук чыгармалар жана ар кандай кыргыз эл аспаптарында күүлөр жаңырды. Кечении жыйынтыгында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, дизайнер Гульмира Акматованын кийизден жасалган  кийимдердин үлгүлөрүнүн модасы көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK