Резиденциясы Вена ш. жайгашкан КРнын Словакия Республикасындагы Элчиси Т.Макеев Словакиянын ТИМнин Протоколунун башчысы Ингрид Хорвайга ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды

168

2024-жылдын 9-февралында резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.К.Макеев Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Ингрид Хорвай айымга ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Элчи Т.К.Макеев 2025-жылы «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин мүчөлөрүнүн биринчи эшелонунун Кыргызстанга келгендигине 100 жыл болорун жана Словакиялык интернационалисттердин тоолуу өлкөнүн өнөр жайын өнөктүрүүгө көмөк көрсөткөнүн белгилеп кетти. Ушуга байланыштуу бул маанилүү датага карата Элчи словак тарапка жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштурууну жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасы менен Словакиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүнө, ошондой эле ушул жылы кыргыз-словакия Тышкы иштер министрликтер аралык консультацияларынын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Элчи Т.К.Макеев маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуунун олуттуу потенциалын белгилеп, билим берүү тармагында Кыргыз Республикасы менен Словакиянын ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө зарылчылыгын айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Евробиримдиктин алкагында практикалык өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Словакиянын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы И.Хорвай айым өз кезегинде Элчи Т.К.Макеевди ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу менен куттуктап, дипломатиялык миссиясы ийгиликтүү өтүшүн каалады жана эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында биргелешкен жигердүү иш жүргүзүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK