Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Элчиси Т.Макеевдин Чехиянын Президенти Петр Павелге Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи тууралуу

135

Резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.К.Макеев 2024-жылдын 15-февралында Прага шаарынын Президенттик сарайында Чехиянын Президенти Петр Павелге ишеним грамоталарын тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Т.К.Макеев Чехия Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан салам жолдоду жана жакшы каалоо-тилектерин айтты,  кыргыз-чех мамилелерин мындан ары да кеңейтүү жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын Элчиси 2025-жылы «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин курамында чехтердин жана словактардын биринчи эшелонунун Кыргызстанга келгенине 100 жыл болорун  белгилеп кетти. Алар биздин өлкөбүздүн өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң көмөк көрсөтүшкөнүн айтты. 

Ушуга байланыштуу жана бул маанилүү окуяга карата өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тараптын Чехия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу кызыгуусу баса белгиленди. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Чехиянын Евробиримдиктин жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Чехия Республикасынын Президенти Петр Павел эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерин белгилеп, Элчи Т.К.Макеевге эки элдин бакыбаттуулугу үчүн дипломатиялык кызматына ийгилик каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK