КРнын Чехиядагы Элчиси Т.Макеевдин Чехия Парламентинин Депутаттар палатасынын Вице-спикери Я.Бартошек менен жолугушуусунун жыйынтыктыра тууралуу

134

2024-жылдын 16-февралында Прага шаарында резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.К.Макеевдин Чехиянын Парламентинин Депутаттар палатасынын Вице-спикери Я.Бартошек менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ян Бартошек 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасына болгон иш сапары, анын жүрүшүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарда болгондугу тууралуу жылуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Тараптар кыргыз-чех парламенттер аралык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Эки өлкөнүн спикерлеринин өз ара иш сапарларын уюштуруу үчүн бул мамлекеттердин парламенттик  комитеттеринин, достук топторунун жана аппараттарынын деңгээлинде байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Чехиянын парламенттеринин Европа Биримдигинин, Европарламенттин, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Чехия Республикасынын Парламентинин Депутаттар палатасынын Вице-спикери Я.Бартошек кызматташуунун конкреттүү багыттары боюнча биргелешкен кыргыз-чех долбоорлорун ишке ашырууда  колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча да пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK