КР Австриядагы Элчиси Толенды Макеев Австриянын Эмгек жана экономика федералдык министрлигинин Экономикалык маселелер, инновациялар жана эл аралык саясат боюнча Башкы директору Флориан Фраушер менен жолугушту

127

2024-жылдын 28-февралында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Толенды Макеев Австриянын Эмгек жана экономика федералдык министрлигинин Экономикалык маселелер, инновациялар жана эл аралык саясат боюнча Башкы директору Флориан Фраушер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Австриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана бул багытта өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо үчүн олуттуу потенциалды белгилешти.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылдын 29- сентябрында Бишкек шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австриялык Өкмөттөр аралык комиссиянын 8- жыйынынын жыйынтыктарын ишке ашыруу маселелери талкууланып, ӨАКтын кийинки 9-жыйынын 2024-жылдын экинчи жарымында Вена шаарында өткөрүү белгиленди.

Туризм тармагында 2024-жылдын 8-мартында Вена шаарында туризм боюнча кыргыз-австриялык тегерек столду өткөрүү пландалууда.

Тараптар ошондой эле гидроэнергетика жана туризм тармагында конкреттүү биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK