Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борборунун Башкы директору Михаэль Шпинделлегер менен жолугушту

152

2024-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борборунун (ICMPD) Башкы директору Майкл Шпинделлегер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар миграция тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Тактап айтканда, Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен ийгиликтүү кызматташууну белгилеп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Европага ийгиликтүү адаптацияланышына жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшкө көмөктөшүүчү Ош шаарында Миграциялык ресурстук борбордун түзүлгөндүгүнө Айбек Молдогазиев ыраазычылык билдирди.

Тараптар мындар аркы иш пландарын талкуулап, туруктуу байланышта болууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK