Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Ноорузду майрамдоо боюнча расмий иш-чарага катышты

124

2024-жылдын 13-мартында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Ноорузду майрамдоо боюнча расмий иш-чарага катышты.

Бул иш-чара «Society» дипломатиялык журнал тарабынан Афганистан, Азербайжан, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Австриядагы элчиликтери менен биргеликте уюштурулду. Ноорузду майрамдоого Вена шаарындагы эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Австриянын көрүнүктүү саясатчылары жана коомдук ишмерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Нооруз майрамын белгиленген мамлекеттердин улуттук бийлери жана ырлары менен концерттик программа тартууланды. Борбордук Азия регионунан Казакстандын «Акжарма» фольклордук ансамбли жана «Жорга» бий тобу өз өнөрлөрүн көрсөттү.

Нооруз майрамынын алкагында Элчилик коноктордун назарына  кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсүн, анын ичинде кийизден жасалган буюмдарды, Кыргызстан тууралуу иллюстрацияланган басылмаларды, туризм боюнча буклеттерди жана каталогдорду тартуулады.

Иш-чаранын аягында катышуучулар элчиликтердин майрамдык дасторкондоруна чакырылып, коноктор арасында өзгөчө популярдуу кыргыз улуттук ашканасынын  даамдуу тамактарына кирген боорсок, чак-чак, чучук, курут, сүмөлөк жана кургатылган жемиштерден ооз тийишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK