Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Вена шаарында курман болгон советтик жоокерлердин мемориалына гүлчамбар коюу аземине катышты

83

2024-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.К.Макеев КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери менен биргеликте Вена шаарынын бошотулгандыгынын 79 жылдыгынын урматына советтик аскерлердин мемориалына гүлчамбар коюу аземине катышты.

Салттуу иш-чара Австриянын борбордундагы Шварценбергплатц аянтындагы курман болгон советтик жоокерлердин мемориалынын алдында болуп өттү.    

Маалымат үчүн: Вена шаарындагы Шварценбергплац аянтындагы мемориал 1945-жылдын 13-апрелинде Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Вена шаарын фашисттик Германиядан бошотууга алып келген Венадагы чабуул операциясында курман болгон 17 миң советтик жоокерлердин элесине арналып курулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK