Элчи Т.Макеев Словакиянын Президенти З.Чапутовага Ишеним грамоталарын тапшырды

90

Резиденциясы Вена шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Словакия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.К.Макеев 2024-жылдын 15-апрелинде Братислава шаарындагы Президенттик сарайда Зузана Чапутова айымга ишеним грамоталарын тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Элчиси Словакиянын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун атынан салам жолдоп, жакшы каалоо-тилектерин айтты, кыргыз-словак мамилелерин мындан ары да чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын Элчиси 2025-жылы «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин курамында чехословактардын биринчи эшелонунун Кыргызстанга келгенине 100 жыл болорун белгиледи. Алар биздин өлкөбүздүн өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң көмөк көрсөтүшкөнүн айтты. Ушуга байланыштуу жана бул маанилүү окуяга карата өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле биздин өлкөнүн Словакия менен эки тараптуу экономикалык, маданий-гуманитардык жана жана жогорку окуу жайлар ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу кызыгуусу баса белгиленди. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Словакиянын БУУ, Евробиримдиктин жана башка эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу  өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Словакия Республикасынын Президенти Зузана Чапутова эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерин белгилеп, Элчи Т.Макеевге эки элдин бакыбаттуулугу үчүн дипломатиялык кызматына ийгилик каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK