Прага шаарында Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өткөрүлдү

164

2024-жылдын 3-майында Прага шаарында Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Ардактуу консулу Саадаткан Даминованын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы Ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Самаков, Чехиянын Парламентинин Депутаттар палатасынын вице-спикери Я.Бартошек, Тышкы иштер министрлигинин, Чехиянын башка мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү, Казакстандын, Түркиянын жана Азербайжандын Чехиядагы Элчилери, ошондой эле Чехияда жашаган мекендештер катышышты.

Иш-чарада, резиденциясы Вена шаарында жайгашкан, Кыргызстандын Чехия Республикасындагы Элчиси Т.Макеев, ардактуу консул С.Даминова, Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан департаментинин директорунун орун басары Патрик Румлар куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар иш-чаранын катышуучуларына эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан баштап кыргыз-чех кызматташтыгынын негизги жетишкендиктери, эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү боюнча тараптардын макулдашуулары жана биргелешкен иш-чаралары, ошондой эле аталган жагдайда Чехиядагы Ардактуу консулдуктун ролу тууралуу маалымат беришти.

Кыргыз Республикасынын Чехиядагы Ардактуу консулдугу коноктор үчүн фольклордук чыгармалардан түзүлгөн музыкалык номерлерди, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү даярдап, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтерди көрсөттү, ошондой эле расмий иш-чаранын катышуучуларына кыргыздын улуттук ашканасынын түрдүү тамак-аштарын тартуулады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK