Кыргыз Республикасынын Венадагы Элчилиги Австриядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү менен«Эл аралык маданияттын диалогунун узун түндѳрү» аттуу иш-чарага катышты.

5058

2019-жылдын 2-5-6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Венадагы Элчилиги Австриядагы кыргыз диаспорасынын ѳкүлдѳрү менен бирге
Маданияттын түрлѳрүнүн эл аралык уюму (ICDO) уюштурган «Эл аралык маданияттын диалогунун узун түндѳрү» аттуу иш-чарага катышты. Аталган проектинин негизги максаты болуп ар элдердин маданиятынын ѳзгѳчѳлүктѳрүн кѳргѳзүү жана даңазалоо, адамдардын бирдей укуктуулугун белгилѳѳ, мультикультурализмди колдоо жана коомдогу алаканы күчѳтүү болуп эсептелет. Аземге 25тен ашуун ѳлкѳнүн ѳкүлдѳрү катышып, ар элдин улуттук музыкасын, тамак-ашын, искусствосун, кийимдерин, бийлерин кѳрүшүп, талкуулашты. Ѳз учурунда, Кыргызстан улуттук аспабы «Комузду» кѳрсѳтүп, ар түрдүү улуттук баалуулуктардын сакталышынын маанилүүлүгүн белгилеп, ошону менен бирге эл аралык маданияттын бири-бирине кѳрсѳткѳн таасирин жана колдоосун кѳрсѳттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK