2019-жылдын 3-октябрында Вена шаарында ТТМКнин уюштурулгандыгынын 10 жылдыгына карата жана Ѳзбекстандын ТТМКне мүчѳ болуп киришине арналган иш-чара тууралуу, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Ѳзбекстандын Австриядагы аккредитациялаштырылган дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн башчыларынын жолугушуусу жѳнүндѳ

3815

2019- жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Вена шаарында Түркиянын жана Ѳзбекстандын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү тарабынан уюштурулган ТТМКнин 10 жылдыгына карата жана Ѳзбекстандын ТТМКне мүчѳ болуп киришине арналган майрамдык иш-чарага катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ кабыл алуучу тарап катары Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын жана Ѳзбекстандын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн башчылары сѳз сүйлѳштү.

Элчи Б.Джусупов ѳзүнүн куттуктоо сѳзүндѳ Кыргызстандын Түрк кеңешинин председателдигинин учурунда, 2018-2019-жылдардагы жасаган иштеринин жыйынтыгы тууралуу келген конокторго маалымат берди. Кыргызстан Кеңештин председатели болгон убакытта Ѳзбекстан Республикасы Түрк кеңешинин толук кандуу мүчѳсү болгондугун, Венгрия байкоочу статусун алгандыгын баса бергиледи. Ошол эле убакта, Венгриянын борбор шаары Будапештте Түрк кеңешинин европадагы ѳкүлчүлүгү ачылгандыгы тууралуу да айтып берди.

Ушуга байланыштуу, Б.Джусупов ТТМК ѳлкѳ-мүчѳлѳрү түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн маданиятын дүйнѳ жүзүнѳ жайылтууда жана бабалардын мурастарын алакалаштырууда чоң кадам жасалгандыгын белгиледи.

Сѳзүнүн акырында Элчи Түрк кеңешинин председателдигин 2019-жылдын октябрь айында кабыл ала турган  азербайжан тарабына ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK