Элчи Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барды

1759

2022-жылдын 28-июлунда Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында шаардын аткаруу бийлигинин башчысы Ниязи Байрамов менен жолугушту. Жолугушууга Азербайжан-Кыргызстан парламенттер аралык байланыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси депутат Муса Гулиев да катышты.

Тараптар Ош жана Гянджа шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүүнүн келечегин талкуулашты.

Элчи К.Осмоналиев ошондой эле Азербайжан мамлекеттик агрардык университетинин ректору Ибрагим Жафаров менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы билим берүү тармагындагы мамилелердин келечеги, атап айтканда, Азербайжандын Агрардык университетинде кыргызстандык студенттердин билим алуусу үчүн бекер квоталык орундарды бөлүү маселелери талкууланды.

  • Элчи Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барды
  • Элчи Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барды
  • Элчи Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK