Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси менен Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

183

2023-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Шахин Багиров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Азербайжан тарапка Кыргызстандын транзиттик потенциалы жана өлкөдөгү «Санариптик жашыл коридорлорду» тууралуу маалымат берилди.

Эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү максатында жолугушуунун катышуучулары эки мамлекеттин бажы кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин ырасташты.

Муну менен катар тараптар Азербайжандын аймагында Кыргызстандын транспорттук компанияларына жана жүк ташуучуларына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Азербайжандын бажы өкүлү кыргыз тарапты Азербайжандагы кыргызстандык транспорттук компанияларга, жүк ташуучуларга жана ишкерлерге максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

  • Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси менен Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты
  • Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси менен Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин Төрагасы бажы тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK