Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Осмоналиевдин Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы генерал-полковник Э.Гулиев менен жолугушуусу

185

2023-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы генерал-полковник Эльчин Исага оглы Гулиев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн чек ара коопсуздугу жаатында кызматташуусунун келечеги талкууланды. Эки тарап тең мамлекеттик чек араны коргоо жаатында активдүү өз ара аракеттенүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кадрларды даярдоо жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Генерал-полковник Эльчин Исага оглы Гулиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча төртүнчү Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында 2022-жылдын 16-августунда кол коюлган протоколго ылайык, Азербайжан Республикасынын Чек ара аскерлеринин академиясында Кыргыз Республикасынын чек арачыларын окутуу үчүн квота бөлүүгө даяр экендигин билдирди. Бул биздин чек арачыларга өз милдеттерин натыйжалуу аткарууга жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылууга жардам бере турган жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тараптар чек ара коопсуздугу жаатында эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

  • Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Осмоналиевдин Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы генерал-полковник Э.Гулиев менен жолугушуусу
  • Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Осмоналиевдин Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы генерал-полковник Э.Гулиев менен жолугушуусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK