Тбилиси шаарында Грузияда жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын экстрадициялоо маселеси талкууланды

175

2023-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Грузиядагы (резиденциясы Баку шаарындагы) Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиевдин жумушчу сапарынын алкагында Тбилиси шаарында Грузиянын Башкы прокуратурасынын эл аралык байланыштар жана укуктук маселелер Департаментинин башчысы Ираклий Чилингарашвили менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы эл аралык укуктук жардам жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды, атап айтканда, Грузияда жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын экстрадициялоо жана азыркы учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан кыргызстандыктарга карата кылмыш өндүрүшү маселелери козголду.

Ушул эле күнү Кайрат Осмоналиев Грузиянын Юстиция министрлигинин эл аралык байланыштар жана укуктук кызматташуу Департаментинин директору Кетеван Сараджишвили менен жолугушту.

Жолугушууда укуктук чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелердин маселелери, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди ишке ашыруу жана аткаруу жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошону менен бирге, Грузияда эркинен ажыратылган Кыргызстандын жарандарын мындан ары жаза мөөнөтүн Кыргыз Республикасында өтөө үчүн өткөрүп берүү маселесине өзгөчө басым жасалды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө маектештерге Кыргызстанда болуп жаткан саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу, ошондой эле кыргыз-грузин кызматташтыгынын бардык спектри боюнча оң динамика тууралуу маалымат жеткирилди. Тараптар эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун дагы талкуулашты. Ошону менен бирге, мамлекеттик башкаруу жаатындагы реформалар, коррупцияны жоюу жана туризмди өнүктүрүү боюнча Грузиянын тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуу билдирилди.

  • Тбилиси шаарында Грузияда жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын экстрадициялоо маселеси талкууланды
  • Тбилиси шаарында Грузияда жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын экстрадициялоо маселеси талкууланды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK