Грузиянын Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын Грузиядагы Элчиси тарабынан эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды
Грузиянын Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын Грузиядагы Элчиси тарабынан эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды
2023-жылдын 26-октябрында Тбилиси шаарында Кыргыз Республикасынын Грузиядагы (резиденциясы Баку шаарындагы) Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиевдин Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директору Шалва Цискарашвили менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Атап айтканда, Элчи Кайрат Осмоналиев Бириккен Улуттар Уюмунда көтөрүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын демилгелерин грузин тарабынан мүмкүн болгон колдоо маселесин белгиледи. Маектешкендер тараптар универсалдуу эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкө тарабынан сунушталган талапкерлерди колдоо боюнча өз ара сунуштарды карап чыгуу тууралуу макулдашышты жана талкууланып жаткан маселелер оң жагына чечилет деген ишеничтерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы көп тараптуу форматтагы кызматташуусунун мындан аркы бекемделишине ишенимдерин белгилешти.